Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Кытай элчилигиндеги жардыруу боюнча сот өкүмү чыкты


Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин имаратын жардырууга айыптуу деген үч адамга карата сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна алардын адвокаты Курманбек Туйбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Хикматилло Абдулажанов 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка, Күназим Мансирова 10 жылга аялдар түрмөсүнө жана Хасамидин Исмаилов 18 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилди. Үчөөнүн тең мүлкү конфискацияланат.

Адвокаттар райондук соттун бул өкүмүн “далилдерге негизделбеген, мыйзамсыз” деп атоодо жана апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылмай болууда.

УКМК жардырууну ишке ашырууга буйрук берген деп саналган кишинин аты-жөнү Сирожиддин Мухтаров (Абу Салох) экендигин маалымдаган. Ал Оштун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын тургуну экендиги аныкталып, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Жардырууну ишке ашырууга Сузак районунун 45 жаштагы тургуну, Абу Ахмаддеген каймана аты бар Бурханидин Жантөрөевдин катышы бар экени айтылган. Ошондой эле Алибек Сатыбаев (Кочкоров) атуу жаран издөөдө жүрөт.

Өткөн жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон.

УКМК жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн “Жабхад-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин маалымдаган.

Шектелген алты адамдын үчөөнүн иши алардын терактка тиешеси жок деген негизде кыскартылган.

Иш сотто каралып жатканына байланыштуу Башкы прокуратура жана УКМК кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тарткан.(RK)

XS
SM
MD
LG