Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Текебаевге каршы көрсөтмө берген Модин аны көрбөгөнүн айтууда


Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги күбө Алексей Модин аны менен эч убакта жеке жолугушпаганын айтууда. Бул тууралуу ал кечээ сотто көрсөтмө берип жатып билдиргенин “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Таалайкүл Токтакунова маалымдады:

- Текебаевди бир да жолу көргөн да, телефондон сүйлөшкөн да эмесмин, менин көрсөтмөмдүн баары Маевский менен Маматкеримовдун айткандарына негизделген, - деп айтып жатат деди Токтакунова. .

Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу 1 млн доллар пара берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн. Бул ишке катышы бар деп мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго да айып тагылып, Текебаев экөө төрт ай мурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Кечээ күнкү сот отурумунда адвокаттар эгер Маевский менен Модин пара бергенин моюнуна алып жатса аларды да жоопко тартуу керек деген өтүнүчүн келтиришти, бирок сот аны четке какты. Бул чечимин судья Эрнис уулу Айбек Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Шералы Абдылдаевдин иш-аракеттерине баа бериле электиги менен негиздеди. Абдылдаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Текебаевге козголгон кылмыш иштин фигуранттарынын” бири деп атап, ага издөө жарыялаган.

Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет. Ал эми Башкы прокуратура “тиешелүү далилдерге” негизделген иш экенин билдирген.

Сот бүгүн да Алексей Модиндин көрсөтмө берүүсү менен уланат. (RK)

XS
SM
MD
LG