Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Чоң-Алай: Жер титирөөдөн жабыркагандарга акчалай жардам берилүүдө


Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркаган 550 үй-бүлөгө Кызыл Ай коому акчалай жардам көрсөтөт. Уюмдун кызматкерлери бүгүнтөн тарта аларга банк карталарын тарата баштайт.

Быйыл май айынын башында Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш тилкесинде күчү дээрлик 6 баллга жеткен эки жер титирөө болгон. Жердин силкинүүсүнөн Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ, Жекенди, Чулук айылдарындагы миңге чукул үй-бүлө жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 500дөй үй толугу бойдон же жарым-жартылай ураган.

Эл аралык Кызыл Ай жана Кызыл чырым уюму буга чейин жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирип берген. Бул жолу акчалай жардам үчүн 164 миң евро бөлдү.

550 үй-бүлөгө 200 швейцариялык франк өлчөмүндөгү акчалай каражат салынган банк карталарын үч күн ичинде таратып берүү пландалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG