Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Миграция кызматы: 740 миңден ашуун кыргызстандык чет жакта жүрөт


Чет өлкөлөрдө мигрант болуп иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 740 миңден ашуун адам. Бул тууралуу шейшемби күнү парламентте маалымат берип жатып Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, Орусияда жүргөндөрдүн саны 600 миңге, Казакстанда 29 миңге жакын, 15 миңдейи Түркияда жана Түштүк Кореяда 5 миңге чукул кыргыз жараны бар.

Орусиянын Миграциялык кызматынын “кара тизмесине” киргендердин саны 2015-жылдын январь айына карата 180 миң адам болсо, былтыр бул сан 106 миң болуп азайган.

Мигранттардын укугун коргоо менен алектенген уюмдардын белгилешинче, жумушсуздуктун айынан сыртка чыгып кеткен кыргызстандыктардын саны расмий статистикадан кыйла көбүрөөк – 1 миллионго чамалаш. (RK)

XS
SM
MD
LG