Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:38

Иран АКШны Сириядагы “кооптуу эскалация” үчүн айыптоодо. Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин мындай билдирүүсү Вашингтон Сирия президенти Башар Асад дагы бир химиялык чабуул даярдап жатканы жана бул үчүн ал жооп бериши керек болот деп эскерткенден кийин жасалды.

Иран муну жасалма шылтоо деп атап жатат. Иран жана Орусия Асаддын союздашы.

Кечээ Пентагон өзүнүн чалгын кызматтарынын маалыматына таянып химиялык чабуулга даярдык көрүлүп жатканын билдирген. Быйыл апрелде Шайрат аэродромунун жанында химиялык курал колдонулуп, ондогон жай тургун набыт кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG