Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, "Манас" эл аралык аэропортунда өлкөгө ири көлөмдөгү алтын жана баалуу металлдарды алып кирүүгө аракет кылган У.И. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Каржы министрлигине караштуу баалуу металлдар департаменти өткөргөн экспертизага ылайык, аткезчилик жолу менен алынып келаткан жүктө жалпы салмагы 12 кг 368,48 грамм зер буюмдар жана баалуу таштар болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча анын базар баасы 27 миллион сомдон ашык турат. Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын эсептөөлөрү боюнча, жогорудагы товарларды алып кирүүдөгү бажы төлөмдөр 5 миллион 200 миң сомду түзмөк. Бул факты боюнча УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 304-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча жүктүн ээсине жана "Манас" бажысынын кызматтык адамдарына карата кылмыш ишин козгоду.
Кармалган адам УКМКнын убактылуу камоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
Буга чейин Каржы министрлиги өлкөдөгү зер буюмдардын 80 пайыздан ашууну чет жактан аткезчилик менен ташылып жатканын билдирип чыккан. Мекеменин маалыматына караганда, өлкөгө жылына 20 тоннанын тегерегинде баалуу металлдар менен асыл таштардан жасалган буюмдар ташылып келет. (КЕ)