Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Чек арага жакын аймактарда теракт уюштурууну көздөгөн топ кармалды


УКМК 28-июнда тараткан сүрөт.
УКМК 28-июнда тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, Кыргызстандын башка өлкөлөр менен чектеш аймактарында террордук актыларды уюштурууну максат кылган эл аралык террордук уюмдун төрт мүчөсү кармалды. Кыргызстандын 21, 28, 31, 34 жаштардагы жарандары атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

Маалыматка караганда, кармалгандар колго жасалган жардыргыч зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен чек арага жанаша аймактарда бир катар террордук аракеттерди ишке ашырууну даярдап жатышкан.

Факты боюнча УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 27-226 (террордук акты даярдоо), 226-1 (террордук ишти каржылоо), 229 (мыйзамсыз куралчан топ уюштуруу жана ага катышуу), 241 (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) жана 299-2 (экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террордук уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайлап колдонуу) беренелерине ылайык иш козгоду. Тергөө уланып жатат.

Расмий маалымат боюнча, Жакынкы Чыгыштагы террордук топтордун катарында согушка катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат. (NT)

XS
SM
MD
LG