Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:53

Бүгүн Кыргызстанга Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин расмий сапар менен келди. Жогорку Кеңештин маалыматына караганда, аны парламенттин төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов тосуп алды. Расмий сапардын алкагында Володин парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугушуп, эки тараптуу мамилелер, парламенттер аралык кызматташтык жаатында пикир алышат. Андан кийин Өчпөс отко гүлчамбар коюшат.

Буга чейин маалымдалгандай, келерки аптада Кыргызстанга Федералдык жыйындын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко да келет. Ал Бишкекте расмий жолугушууларды өткөргөндөн кийин Ысык-Көлгө барып “Шериктештиктин балдары” эл аралык билим берүү форумунун ачылышына катышат. (KЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG