Конгресстин Өкүлдөр палатасы Кошмо Штаттар НАТОнун 29 мүчөсүнүн бирөөнө кандайдыр сырттан сокку болсо чогуу чара көрө турган уюмдун уставынын 5-беренесин колдоп добуш берди.
Республикачылар басымдуулук кылган палатанын 427 мүчөсүнүн 423ү резолюцияны колдогону АКШнын Түндүк альянстын уставынын бул беренесине берилгенин көрсөтөт. Документте ошондой эле мүчө өлкөлөр өз бюджетинен 2 пайызга чейин коргонууга бөлүшү керектиги белгиленген. “Дүйнөдөгү биздин өнөктөштөрүбүз менен чогуу туш келген коркунучтарга каршы НАТОнун бекем союзу мурдагыга караганда дагы маанилүү” – деп билдирди Өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан.
Конгресс мындай кадамга президент Дональд Трамптын билдирүүлөрүнөн кийин АКШ Түндүк альянстын алдында өз милдеттенмелерин аткарабы деген суроо жаралгандан кийин барды.
Президент Трамп Түндүк альянстын Брюсселдеги баш кеңсесине барган учурда Вашингтон НАТОнун уставынын маанилүү бул шартын колдоору боюнча эч нерсе айткан эмес.