Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Беш жылда тоо-кен тармагынан 6,5 млрд сом пайда түштү


2012-жылдан бери Кыргызстандын бюджетине тоо-кен тармагынан 6,5 млрд. сом түшкөн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын долбоорун талкуулоо учурунда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет өткөн жылы бул тармактан 1 млрд. 200 миң сом пайда тапкан.

- Бул 2012-жылы киргизилген үч салыктан - бонус, роялти (жер казынасын иликтөө, пайдалануу, чалгындоо жана кен байлыктарды иштетүү боюнча бир жолу жана андан кийин төлөнчү салыктар - ред.) жана лицензиядан түшкөн каражат. Кен иштеткен жерден балансты сакташ керек. Ошондуктан биз эки жылдан бери катуу көңүл бура баштадык. Рекультивацияга бүгүнкү күндө көзөмөл катуу.

Буга чейин Зилалиев тоо-кен тармагы Кыргызстандын ички дүң продукт көлөмүнүн 8% түзөрүн билдирген. Ошондой эле өлкөдөгү өндүрүш көлөмүнүн 47 пайызын түзөрү, четтен келген инвестициянын 31,8 пайызы ушул тармакка жумшалары айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG