27-июнда америкалык прокурорлор исламчыл террордук топту колдойт деп шектелип кармалган, беш жылдан ашуун сотту күтүп камакта жаткан өзбекстандык качкын Жамшид Мухторовду бошотууга бөгөт коюу аракетин көрүүдө.
Денвердеги прокуратура АКШнын апелляциялык сотунан 2018-жылы болчу сотту күтүп жаткан Мухторовду камактан бошотуу тууралуу төмөнкү инстациядагы соттун чечимин жокко чыгарууну өтүндү.
40 жаштагы Мухторов ишти кароонун создукканы анын укуктарын бузуп жатканын айтса, прокурорлор ага каршы.
Мухторов Пакистанды байырлаган "Ислам жихады кыймылы” деп аталган экстремисттик топко кошулуп, аларга кызмат кылуу үчүн жөнөгөндө 2012-жылы кармалганы кабарланган.
АКШда туруктуу жашоого уруксат алган саясий качкын Денвер шаарынын аймагында жашачу.