Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Пол Манафорт АКШда чет элдик агент катары катталган


Пол Манафорт
Пол Манафорт

Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт Юстиция департаментинде Украинада саясий кеңешчи катары ишмердүүлүк жүргүзгөнүнө байланыштуу чет элдик агент болуп каттоодон өткөн.

Юстиция департаменти берген документтерге караганда Манафорттун фирмасы 2012-2014-жылдары Украинадагы мурдагы президент Виктор Януковичтин Региондор партиясына көрсөткөн кызматы үчүн 17 миллиондон ашуун доллар алган.

Манафорт партиянын жетекчилигин америкалык расмий өкүлдөр менен жолугушууларга да даярдаган.

2017-жылы Манафорттун Украинадан миллиондогон доллар акча алганы тууралуу маалымат чыккандан кийин Трамптын шайлоо штабын жетектөөдөн кеткен. Дүйшөмбүдө украин бийликтери анын фирмасына которулган акчадан мыйзам бузуу фактысы аныкталбаганын билдирди.

Пол Манафорт таанымал америкалык саясий кеңешчи, шайлоо өткөрүү боюнча мыкты адис жана лоббист катары белгилүү.

2014-жылы февралда Евромайдан окуяларынан кийин бийликтен кеткен Янукович өлкөгө "чыккынчылык кылып, анын эгемендигине шек келтирди" деп айыпталып жатат.

XS
SM
MD
LG