Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Америкалыктар багып алган кыргыз балдары өз маданияты менен таанышты


АКШдагы америкалык үй-бүлөлөр багып алган кыргызстандык балдар
АКШдагы америкалык үй-бүлөлөр багып алган кыргызстандык балдар

АКШнын Вашингтон шаарында «Кыргызстандын - мураскерлеринин күндөрү» деп аталган иш-чара уюштурулуп, анда америкалык үй-бүлөлөр багып алган кыргызстандык балдар менен жолугушуу өттү.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, ага Калифорния, Юта, Техас, Теннеси, Монтана, Огайо, Түндүк Дакота, Нью-Гэмпшир, Пенсильвания, Мэриленд жана Вирджиния штаттарынан келип катышкандар болду.

Кыргызстандыктардын АКШдагы диаспорасы балдар үчүн кыргыз элинин маданияты, тарыхы, мамлекеттик символикалары, кыргызча ыр-бийлерди үйрөтүү боюнча сабактарды уюштурууга катышты. Сабак бүткөндөн кийин концерт өтүп, балдар кыргыз элинин элдик ырларын жана бийлерин аткарышты. Элчиликтин кызматкерлери балдарга комузда ойноп беришти, ал эми «Датка» бий группасы кыргыз бийлерин көрсөтүштү. Аягында балдар кыргыз боз үйүн тигүү процессине катышып, улуттук оюндарды ойношту.

Бул иш-чара "The Kyrgyz Children's Future" ("Кыргызстандын балдарынын келечеги") коомдук уюмунун, Кыргызстандын Кошмо Штаттагы жана Канададагы элчилигинин көмөгү менен 24-25-июнда уюштурулду. Бул иш-чара Америкада жыл сайын өтүп келет.

Кыргызстандын Социалдык өнүгүү министрлигинин адиси Гүлзина Бообекованын "Азаттыкка" айтымында, соңку беш жылда асыроо үчүн 5114 бала берилген. Алардын ичинен 78 баланы чет элдиктер багып алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG