Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Абдрахманов Маевскийди Текебаевдин иш бөлмөсүнөн качан көргөнүн так айта алган жок


Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук cотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши боюнча бүгүнкү териштирүү аяктады.Сот эртең уланмай болду.

Бүгүн жараянда үч күбө – орусиялык ишкер Алексей Модин, “Нур-Телеком” ишканасынын юристи Руслан Оңолбеков, парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов суралды. Мамлекеттик айыптоо тараптын башкы күбөлөрүнүн бири Алексей Модин Маевскийдин тапшырмасы менен Өмүрбек Текебаевге 300 миң долларды ортомчу Талант Маматкеримовго алып барып бергенин билдирди. Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов Текебаевдин иш бөлмөсүндө чоочун кишилерди көргөнүн айтты:

- Кайсы ай экени эсимде жок, январь же февраль болсо керек. Ак үйдүн жетинчи кабатында Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсүндө чоочун кишилер отуруптур. Алардын бирөө Текебаевге карап "убада бергенден кийин эмнеге аткарбайсыңар" деп катуу сүйлөп жатыптыр. Текебаев мени аларга “Мегаком” боюнча иликтөө жүргүзгөн депутат деп тааныштырды. Алар менен сүйлөшкөн жокмун.

Айыпталуучу Өмүрбек Текебаев жана анын адвокаттары Абдрахманов сөз кылган жолугушуу өзү айткан январь, февраль айларында болушу мүмкүн эмес деп, четке кагышты.

УКМК быйыл январда “Мегаком” боюнча жаңы иликтөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда Текебаевдин мурдагы партиялашы Өмүрбек Абдрахмановдун да ысымы аталган. Бир кезде үзөңгүлөш жүргөн Абдрахманов Текебаевдин орустардан акча алганын бир нече жылдан бери айтып келе жатат. Буга чейин Өмүрбек Текебаев Абдрахмановду жалган маалымат таратты деп сотко берип, утуп алган.

Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу 1 млн доллар пара берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, 26-февралда кармалган. Бул ишке катышы бар деп мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго да айып тагылып, Текебаев экөө төрт ай мурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Июндун башында УКМК Өмүрбек Текебаевдин ишине байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Шералы Абдылдаевге издөө жарыялаган. (NT)

XS
SM
MD
LG