Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Федерация кеңеши советтик батирлерди сүрдүрүү планын жактырды


Нааразылык акциясынын катышуучулары, 27-май, 2017
Нааразылык акциясынын катышуучулары, 27-май, 2017

Орусия парламентинин жогорку палатасы жактырган Реновация мыйзамына ылайык 1950-1960-жылдары курулган үйлөрдөгү тургундар башка жактарга көчүрүлүп, үйлөр түрттүрүлөт.

14-июнда Мамдума мыйзам долбоорун колдоп добуш берген. Долбоорго тургундарды башка жактарга жайгаштыруу чечимин сотко даттануу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берилген.

Москванын шаар бийлигинин реновация программаларынын алкагында баш калаанын 85 районунда курулган 4 жарым миңден ашуун үйлөрдү сүрдүрүү каралган. Тургундарды жаңы конуштардагы бийик кабат үйлөргө жайгаштырууга убада берилген.

Буга чейин "реновацияга" үч триллион рубль кетет деп бааланган. Шаар бийлигинин мындай аракети көпчүлүк москвалыктардын нааразылыгын жараткан. Шаарда бир нече жолу акциялар өткөн.

XS
SM
MD
LG