Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Камила Шаршекеева президенттикке талапкер болууга арыз жазды


Камила Шаршекеева
Камила Шаршекеева

Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри, Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын талапкерлердин арызын кабыл алуу боюнча түзүлгөн жумушчу тобунун мүчөсү Чынара Алыбаева билдирди.

Ошентип, президенттик таймашка катышам дегендердин саны тогуз адамга жетти.

Бүгүн ошондой эле экс-акыйкатчы жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу арызын тапшырды. Экөө тең өзүн өзү көрсөткөн.

Буга чейин “Ак Шумкар” партиясы көрсөткөн мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана өзүн өзү көрсөткөн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидинов арыз беришкен болчу.

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG