Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Лавров Путин менен Трамп Германияда жолугушарын айтты


Дональд Трамп менен Валдимир Путин
Дональд Трамп менен Валдимир Путин

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп 7-8-июлда Гамбург шаарында "Чоң жыйырманын" саммитинде жолугушат деген ойдо экенин билдирди.

28-июнда министр Лавров Краснодар шаарында туруп Кошмо Штаттар менен Орусиянын ортосунда диалогду калыбына келтирүүгө жол издөө зарылдыган айтты.

Гамбурдагы "Чоң жыйырманын" саммитинде Путин менен Трамп сүйлөшпөй койсо "бул туура эмес болуп" каларын дагы Лавров түшүндүрдү.

Эки лидердин Сириядагы кырдаалды талкуулоосу өтө маанилүү экенин Орусиянын башкы дипломаты белгиледи.

Трамп менен Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүсү пландалганы тууралуу министр эч нерсе айткан жок.

7-8-июлда Гамбургда дүйнөдөгү алдыңкы 20 өлкөнүн лидерлери кезигип, терроризмге каршы күрөш, климаттын өзгөрүүсү, эркин соода жана башка маселелерди талкуулашат.

XS
SM
MD
LG