Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Текебаевдин соту күбөлөрдүн сурагы менен уланат


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланат.

Кечээ Текебаевге каршы арыз жазды деген орусиялык ишкер Алексей Модин, “Нур Телеком” ишканасынын мурдагы юристи Руслан Оңолбеков жана парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов күбө катары көрсөтмө беришти.

Бүгүн да күбөлөрду угуу уланат.

Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу 1 млн доллар пара берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн. Бул ишке катышы бар деп мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго да айып тагылып, Текебаев экөө төрт ай мурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет. Ал эми Башкы прокуратура “тиешелүү далилдерге” негизделген иш экенин билдирген. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG