Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:04

Орусия Европадагы шайлоолорго кийлигишүүсүн токтото электиги айтылды


Америкалык жана европалык айрым мурдагы дипломаттар менен саясий эксперттер Орусиянын Европадагы шайлоо жараяндарына кийлигишүүсү басаңдай электигин, Вашингтон менен Брюссель бул жаатта тыгыз кызматташып иштөөсү керектигин айтууда.

Сенаттын чалгын комитетинде сүйлөп жатып Черногориянын мурдагы министри Веско Гарчевич бул өлкөдөгү былтыркы мамлекеттик төңкөрүштү мисал келтирди.

Ал эми АКШ Мамлекттик департаментинин мурдагы жогорку кызматкери Николай Бернс Орусия Черногорияны гана эмес, Нидерланддар, Франция жана Германиядагы шайлоолорду да бутага алганын билдирди.

Орусия бул айыптоолорду четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG