Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн Zanoza.kg сайты боюнча үч соттук отурум өтөт. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна сайттын журналисти Нарын Айып билдирди.
Март айында Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркы менен ар-намысын коргоп Zanoza.kg сайтына карата үч арыз, апрелдин башында дагы бир арыз жазган болчу.
Буга чейин процедуралык мүнөздөгү соттук териштирүүлөр жүргөн, эми негизги иштер карала баштайт. (RK)