Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

“Мекенчил күчтөр биримдиги” паспорт боюнча Конституциялык палатага кайрылды


“Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги” уюму паспорт маселесине байланыштуу Жогорку Соттун Конституциялык палатасына кайрылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган уюм түзгөн Туруктуу элдик кеңештин төрага орун басары Кадыр Кошалиев билдирди.

Кечээ уюм Бишкекте жыйын куруп, 23-майда өткөн улуттук курултайында кабыл алынган чечимдердин аткарылышын талкуулады. Анда кыргызстандыктардын ID картасына улутун ачык жазуу талабы коюлган жана өкмөткө бир айлык мөөнөт берилген.

Кошалиевдин айтымында, бул талап аткарылбаганына байланыштуу Конституциялык палатага арыз берилди:

- Бул өкмөттүн Кыргызстандын атуулдарынын укугун, Конституцияны бузуу менен кабыл алынган токтому. Аны жокко чыгарып берсин деп Жогорку Кеңешке кайрылганбыз, бирок депутаттар буга кайдыгер карап жаткандыктан Конституциялык сотко кайрылдык.

Мындан тышкары өлкөдө элдик курултай институтун көзөмөлдөө, багыт берүү укугу менен мыйзамдаштыруу боюнча коюлган талап да аткарылбаганын айткан Кошалиев бул багытта иш эл арасында түшүндүрүү аракеттери менен улантыла берерин кошумчалады.

Быйыл 1-майдан тарта Кыргызстан биометрикалык паспортко өттү. Анда жарандын улуту картанын сыртына эмес, тиркелген чиптин ичине жазылган. (RK)

XS
SM
MD
LG