Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:54

Парламент трансформация маселесин талкуулайт


Жогорку Кеңеш бүгүн жерлерди трансформациялоо маселесин талкуулайт. “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору көптөн бери талкууланып келатат.

Анын кабыл алынышын талап кылып Өкмөт үйүнүн алдында жарандар бир нече жолу митинг өткөргөн болчу.

Өкмөт 42 400 адамдын 11 500 гектар жерин трансформациялоону сунуштаса, мекеме аралык комиссия 46 000ден ашуун адамдын 13 900 гектарын трансформациялоону сунуштаган.

Мыйзам кабыл алынса аталган жарандарга жер тилкелерин үй куруу үчүн мыйзамдаштырууга уруксат берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG