Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Жайкы лагерлерде экология жөнүндө сабак өтүлүп жатат


Окуучулардын жайкы эс алуусу. (Иллюстрация)
Окуучулардын жайкы эс алуусу. (Иллюстрация)

Бишкек шаарындагы 14 орто мектептеги жайкы лагерлерде окуучулар экология боюнча маалымат алып жатышат. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, июнь айында башкалаадагы № 94, 42, 27, 32, 88 мектептердин алдындагы лагерлерде жаратылыш жөнүндө сабактар өткөрүлүп, «Жаш бишкектиктин эрежелери» талкууланды.

«Адам жана таштанды» деп аталган мультфильм, социалдык роликтер балдарга тартууланып, курчап турган чөйрөгө аяр мамиле жасоо боюнча оюн-викториналар уюштурулду. Ага жигердүү катышкан окуучуларга китептер тапшырылды.

Экология боюнча билим кербенин «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаардык мэриясы менен бирге уюштурган. (NT)

XS
SM
MD
LG