Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

19-абакта отургандар ачкачылык жарыялады


Сокулук районундагы өмүр бою соттолгондор камалчу 19-абакта отурган 13 киши 27-июндан бери ачкачылык акциясын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Маалыматка караганда, алар камоо режимине нааразылыгын билдирип жатышат.

- 19-абак өмүр бою соттолгондор үчүн жаңы курулган. Мында режим өзгөртүлүп, мурда көнгөндөн башка. 13 киши ачкачылык жарыялады. Азыр мурдагыдай ээн-эркин басып жүрө алышпайт, камерада отурат. Ошого нааразы болуп жатышат.

Ачкачылык кармагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алар менен психолог, социологдор иш алып барууда.

Өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн өзгөчө режимдеги колония 2016-жылдан баштап иштеп баштаган. Азыркы учурда Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 300дөй адам бар. Алардын 56 пайызы биринчи жолу соттолгондор. (КЕ)

XS
SM
MD
LG