Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Сот Zanoza.kg сайты боюнча ишти кароого киришти


Бишкектин Октябрь райондук соту. 29-июнь, 2017-жыл.
Бишкектин Октябрь райондук соту. 29-июнь, 2017-жыл.

Бишкектин Октябрь райондук соту Zanoza.kg сайты боюнча ишти карай баштады. Жараяндын алдында адвокаттар иштин материалдары жаңы берилди деген негизде кошумча мөөнөт сурап, сот аларга 20 мүнөт берди. Адвокаттар сот залында материалдар менен таанышып чыгышты. Сотко Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморова төрагалык кылууда.

Бүгүн аталган сот Zanoza.kg жана журналист Нарын Айыпка байланыштуу дагы эки ишти караганы жатат. Саат 13.00дө Нарын Айыптын быйыл мартта жарыяланган макаласы, ошондой эле 15.00дө бул иш боюнча парламенттин мурдагы депутаты Чолпон Жакуповага карата башкы прокурор жазган доо арыздарды териштирүү белгиленген.

Март айында Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркы менен ар-намысына шек келтирди деген негизде Zanoza.kg сайтын негиздеген "Промедиа" фонду, журналисттер Нарын Айып менен Дина Маслованын, порталда пикири жарыяланган экс-депутат Чолпон Жакупованын үстүнөн арыз жазып, алардын ар биринен 3 миллион сом талап кылынган. Доонун суммасы чоң болгондуктан Бишкектин Октябрь райондук соту жоопкерлерди Кыргызстандын аймагынан чыкпоо жана Нарын Айып, Жакупованын мүлкүн камакка алуу чечимин чыгарган. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG