Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Камбар-Ата – 2 ГЭСинин иши убактылуу токтотулду


Камбар-Ата-2 ГЭСи
Камбар-Ата-2 ГЭСи

Камбар-Ата – 2 ГЭСинин гидроагрегаты ремонт иштерине байланыштуу убактылуу токтотулду. “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиеванын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, ГЭСтин иши күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүү максатында атайын пландалган графиктин негизинде токтогон.

- Жайында электр энергиясын пайдалануу үч эсе азаят. Башка гидростанциялар жана "Бишкек жылуулук борбору" иштеп чыккан электр энергиясы өлкө ичиндеги суроо-талапты аткарат. Ал эми Камбар-Ата -2 ГЭСиндеги суу Токтогул суу сактагычына түшөт. Андыктан суунун бир куб метри дагы текке кетпейт. Бул учурдан пайдаланып биз ремонт иштерин жүргүзөбүз.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты 2010-жылы ишке кирген. Андагы үч агрегаттын ар бири 120 мегаваттан турат. Ал эми ГЭСтин экинчи агрегаты үчүн 110 миллион долларлык насыя берүү келишимине Кыргызстандын финансы министри Адылбек Касымалиев менен Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Дмитрий Панкин 13-мартта кол коюшкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG