Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Жеткинчектерди зордуктагандарды катаал жазалоо сунушталды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту Кылмыш кодекси менен, Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелерине сунушталган өзгөртүүлөрдү июлга чейин экинчи жана үчүнчү окууда кароого парламентти чакырууда.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Карамат Орозова, Мирлан Жээнчороев, Эмил Токтошев, Жанар Акаев иштеп чыгышкан. Анда жеткинчектерди зордуктагандарга жазаны катаалдаштыруу сунушу камтылган.

Аталган институт балдарды зордуктагандардын аракетин талдап, мындай кылмышка көп учурда бала менен чогуу жашаган үй-бүлө, туугандары бара турганын иликтеген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр балдарга карата 824 кылмыш жасалса, анын 106сы сексуалдык мүнөздө болгон. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 44 кылмыш иши козголгон. (NT)

XS
SM
MD
LG