Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:53

Алагушев: журналист Нарын Айыпка куугунтук болууда


Бишкектин Октябрь райондук соту. 29-июнь, 2017-жыл.
Бишкектин Октябрь райондук соту. 29-июнь, 2017-жыл.

Октябрь райондук сотунда журналист Нарын Айыптын үстүнөн сот иши жүрүп жатат. Прокурор Руслан Абдрахманов мамлекеттик айыптоонун жүйөлөрү менен тааныштырды. Анда Нарын Айыптын 2015-жылы 22-октябрда Zanoza.kg сайтына жазган макаласында жалган маалыматтар камтылып, учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтиргенин билдирди. Мамлекеттик айыптоо келтирген жүйөгө ылайык, Нарын Айып мурдагы президент Аскар Акаевдин 7-каналга берген маегиндеги Атамбаевдин дарегине айтылган маалыматтын жалган экенин билип туруп, аны атайлап тараткан. Сөз "Кыргызстан жазуучулар союзунан 50 миллион советтик рублди (250 миң сом) Атамбаев мыйзамсыз алган" деген билдирүүсү жөнүндө болуп жатат. Прокурор бул акчага Атамбаевдин тиешеси болбогонун, аны тастыктоочу документтер жана Жазуучулар союзунун ошол кездеги жетекчилеринин көрсөтмөсү бар экенин айтып, сотко тааныштырды.

Нарын Айыптын адвокаттары Акмат Алагушев Акаевдин интервьюсунун түп нускасы 7-каналда жарыялаганын, жалган маалыматтын булагы ошол канал болгонун жана эмнеге Нарын Айыпты сотко бергенине кызыкты. Ошондой эле ал муну Zanoza.kg сайтына карата куугунтук экенин билдирди. Ал эми мамлекеттик айыптоо бул иште эч кандай саясий негиз жок экенин белгилеп жатат.

Сотко Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморова төрагалык кылууда. Бүгүн аталган сот Zanoza.kg жана журналист Нарын Айыпка байланыштуу дагы эки ишти караганы жатат. Саат 13.00дө Нарын Айыптын быйыл мартта жарыяланган макаласы, ошондой эле 15.00дө бул иш боюнча парламенттин мурдагы депутаты Чолпон Жакуповага карата башкы прокурор жазган доо арыздарды териштирүү белгиленген.

Март айында Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркы менен ар-намысына шек келтирди деген негизде Zanoza.kg сайтын негиздеген "Промедиа" фонду, журналисттер Нарын Айып менен Дина Маслованын, порталда пикири жарыяланган экс-депутат Чолпон Жакупованын үстүнөн арыз жазып, алардын ар биринен 3 миллион сом талап кылынган. Доонун суммасы чоң болгондуктан Бишкектин Октябрь райондук соту жоопкерлерди Кыргызстандын аймагынан чыкпоо жана Нарын Айып, Жакупованын мүлкүн камакка алуу чечимин чыгарган. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG