Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Жакынкы Чыгыштан АКШга саякаттагандарга жаңы чектөөлөр киргизилди


Нью-Йорктогу Кеннеди аэропорту
Нью-Йорктогу Кеннеди аэропорту

Алты мусулман өлкөсүнөн АКШга саякаттагандар алардын ата-энеси, бир туугандары бул өлкөдө жашаса гана кире алышат. Ал эми Кошмо Штаттарда чоң ата-энеси же жээн-бөлөсү жашагандар бул категорияга кирбейт.

Мындай эреже 28-июнда киргизилди. Ага чейин АКШ Жогорку Соту президент Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын алты өлкөсүнөн келгендер менен бардык качкындарга тыюу салган убактылуу чектөөсүн колдогон.

"Рейтер" менен "Ассошиэйтед Пресс" "жакын туугандар" деген топко ата-эне, жубай, балдар, уул-кыз, күйөө бала, келин, асыранды балдар менен кыздар кирерин кабарлады.

Бирок чоң ата-энелер, неберелер, агалар менен таякелер, жээндер, бөлөлөр, күйөө балдар, жеңелер, колуктулар жана башка үй-бүлө мүчөлөрү кирбей турганын Мамлекеттик департамент Кошмо Штаттардын бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө таратканын кабарланат.

Мындай чектөөлөр АКШга 90 күнгө чейин виза алууну көздөгөн Иран, Сирия, Йемен, Судан, Самоли жана Ливиянын жарандарына киргизилди. Эгер алар иш сапар менен келатса Кошмо Штаттардагы уюмдар менен байланыштарын "расмий документтер менен тастыкташы" керек экендиги дагы айтылат.

XS
SM
MD
LG