Бүгүн Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Бейшен Сабатаровдун жана анын окуучусу, жаштар арасында дүйнө чемпиону, олимпиада оюндарынын катышуучусу Айбек Абдымомуновдун урматына арналган эл аралык турнир өтүп жатат. Ага Казакстан, Монголия жана Кыргызстандын ар бир облусунан келишкен мушкерлер катышууда.
Бул оюн алтынчы жолу уюштурулуп жатат. Таймаш 15 салмакта, үч жаш куракта өтүүдө.
Бүгүн башталган таймаш 2-июлда аяктайт. Жеңүүчүлөр медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат. (AsM)