Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Пентагон: Кремлде АКШга карата ишенбөөчүлүк бар


Кремлдин лидерлери АКШ Орусиядагы режимди өзгөртүүнү каалайт деп ишенерин Пентагон 28-июнда жарыялаган баяндамасында билдирди. АКШнын Коргоо министрлигинин баамында, мындай кабатырлануу Москва менен Вашингтондун ортосундагы чыңалууну күчөтүүдө.

"Москвада АКШнын дүйнөдөгү демократияны өнүктүрүү аракеттерине болгон терең ишенбөөчүлүк бар. Кремль АКШ Орусиядагы режимди алмаштырууга аракет кылып жатат деп ишенет. Мындай ынанымды Украинадагы окуялардан кийин дагы бекемдешкен",-деп айтылат соңку баяндамада.

Ошондой эле Пентагон Кансыз согуштан кийинки Орусиядагы аскердик модернизацияга карабастан Москвада кабатырлануу сакталып жатканын белгилеген.

XS
SM
MD
LG