“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн БШК кабарлады. Ушуну менен президент болуу нитетин билдиргендер саны онго жетти. 27-июнда аталган партия курултай өткөрүп, Бакыт Төрөбаевди талапкер катары расмий көрсөткөн.
Буга чейин Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри, Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева,экс-акыйкатчы жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидинов арыз беришкен. Булардын ичинен Төрөбаев менен Сариевден башкасы өзүн өзү көрсөтүшкөн.
Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. (КЕ)