Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Пентагондо "Касперский" антивирусуна тыюу салынышы мүмкүн


АКШнын Коргоо министрлигине "Касперский лабораториясынын" антивирустук программаларын колдонууга тыюу салынышы мүмкүн. Мындай чектөө 2018-жылдын коргонуу бюджетине киргизилип жатканы белгилүү болду.

Бул пунктту Конгресстеги демократ-сенатор Жоан Шаин сунуштап, баш кеңсеси Москвада жайгашкан компанияга АКШнын коргонуу тармагын ишенип тапшырууга болбой турганын айтты. Мыйзам чыгаруучулар Орусияда негизделген компанияны Кремл көзөмөлдөшү мүмкүн деп шек санашат.

28-июнда АКШнын Федералдык иликтөө бюросу "Касперский лабораториясынын" жергиликтүү кызматкерлерин суракка алганы белгилүү болду. Бирок бул сурак Орусиянын АКШ шайлоосундагы ыктымал ролу тууралуу иликтөөгө байланышы бар же жогу азырынча белгисиз.

"Касперский" компаниясы соңку кабар боюнча комментарий бере элек. Кремл болсо АКШнын шайлоосуна кийлигишпегенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG