Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:13

БШКга талапкер катары арыз тапшыргандардын саны 11ге жетти


Талантбек Масадыков
Талантбек Масадыков

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алмаз Асанбаевдин “Азаттыкка” айтымында, эл аралык эксперт Талантбек Масадыков бүгүн БШКга президенттикке талапкер катары арызын тапшырды. Ушул эле күнү БШК “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин арызын кабыл алган. Ушуну менен шайлоо комиссиясына арыз тапшыргандардын саны 11ге жетти.

Буга чейин Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри, Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева, экс-акыйкатчы жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидинов арыз беришкен. Булардын ичинен Төрөбаев менен Сариевден башкасы өзүн өзү көрсөтүшкөн.

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG