Буга байланыштуу токтомду бүгүн Жогорку Кеңеш кабыл алды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн парламент “5-мартты жыл сайын Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө” токтомун өзгүртүп, бул күндү Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялады.
Демилгечи – депутат Гүлшат Асылбаева. Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин 2011-жылы кинорежиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Демилгени Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 29-мартында чыгарган токтому аркылуу расмийлештирген болчу. (КЕ)