Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Маевский: 1 млн доллар пара деп бааланышы мүмкүн


Леонид Маевский
Леонид Маевский

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сот ишиндеги күбө, орусиялык ишкер Леонид Маевский бүгүн журналисттерге маалымат жыйын куруп, Текебаевге 1 млн доллар бергенин айтты. Муну ал “базарга кирүү үчүн” деп түшүндүрдү жана бул пара деп бааланышы ыктымал экенин түшүнүп турганын моюнуна алды. “Ошондуктан юристтерим менен кеңешип, бул пара болбошу үчүн өзүмдүн укуктук коопсуздугумду камсыз кылуу үчүн бардыгын жасадым”, - деди ал.

Орус ишкеринин айтымында, андан “Мегакомдун” ал 300 миң доллар деп баалаган акциялар пакетинин суммасынын 10%-15% талап кылышкан. Натыйжада ал “акцияларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү” үчүн 1 млн доллар берген.

Маевский пара бергени үчүн деген негизде ал өзү жоопко тартылышы мүмкүн экенин четке какпасын айтып “Ыктымалдык дайыма бар. Менимче ал өтө эле аз жана мен өзүмдү коргой алам” деп пара берүү тууралуу иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп чыгарылганын кошумчалады.

Бул иште саясий буюртма болбогонун айткан Маевский “Нормалдуу бизнес мамилелери. Ал мени “алдады” – ал жооп бериши керек”, - деди.

Маевскийдин айтымында, эгер акчаны өндүрүп алса, аны Кыргызстанда кайрымдуулукка жумшайт.

Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу 1 млн доллар пара берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн. Бул ишке катышы бар деп мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго да айып тагылып, Текебаев экөө төрт ай мурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет. Ал эми Башкы прокуратура “тиешелүү далилдерге” негизделген иш экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG