Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы кооперативдик кыймылдын азыркы абалы талкууланат. Аны Кыргызстандын Кооперативдер союзу эл аралык Кооперативдер альянсы менен бирге уюштурууда.
Кооперативдер союзунун жетекчиси Назик Бейшеналынын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Дыйкан, фермердик чарбаларда биригүүгө умтулуу бар экенин белгилеген Назик Бейшеналы алардын башчыларын дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба менен тааныштыруу үчүн Жапония, Германия жана башка өлкөлөргө жөнөтүп жатышканын, уюшуу иштерин ийгиликтүү жүргүзө алгандар эми өндүргөн продукциясын экспортко алып чыгуунун пайдалуу жолдорун издеп жатышканын билдирди:
- Өкмөттө концепция кабыл алынды, эми мамлекеттик программа кабыл алынса, бюджет бөлүнсө кайра иштетүүгө, экспортко чыгарууга шарт түзүлөт. Индия, Түркияда, маселен, мамлекет супермаркеттерге кооперативдерден гана сатып аласыңар деген талап койгон. Бизге да баштапкы стадияда ушундай түрткү болчу чаралар керек. Кооператив болгон жерде ортомчулар жок.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 300дөй кооператив катталган, бирок алардын 100гө жакыны гана алгылыктуу иш алып барарын адистер айтууда. (RK)