Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Zanoza.kg сайтына байланыштуу бир күндө төрт сот жараяны өтөт


Нарын Айып
Нарын Айып

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн Zanoza.kg сайтынын журналисттерине байланыштуу төрт жараян өтөт.

Башкы прокуратура аталган сайтта жарыяланган макалалар президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко берген. Журналисттерден бир нече миллион сом доо талап кылынууда.

Кечээ 29-июнда төрт арыздын үчөө карала баштаган.

Жарандык коом өкүлдөрү сайттын тегерегиндеги соңку окуяларды сөз эркиндигине карата жасалган басым деп мүнөздөөдө.

Zanoza.kg сайты үч жылдан бери иштеп келатат. Аны “Вечерний Бишкек” басылмасынын кожоюну алмашкан соң жаңы саясатка макул болбой жумуштан бошогон журналисттер тобу негиздеген. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG