Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:46

Гавай штаты Трамптын миграция боюнча жаңы эрежесине каршы чыкты


АКШнын Гавай штатынын жетекчилиги президент Доналд Трамптын администрациясына алты мусулман өлкөнүн жарандарынын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө тыюу салган эрежесине байланыштуу соттук арыз жөнөттү.

Жаңы чектөөлөргө ылайык аталган өлкөлөрдүн жарандарына эгер алардын АКШда туугандык же жумуш боюнча байланышы жок болсо кирүүгө тыюу салынат.

Бул Иран, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен.

Гавай штатынын Башкы прокурору Дуг Чиндин айтымында, федералдык өкмөттүн тыюусуна алынып жаткандар арасында Гавайда жашагандар менен жакын туугандык байланыштагылар да бар, андыктан жаңы эреже Жогорку соттун чечимдерине карама-каршы келет.

XS
SM
MD
LG