Ош жана Жалал-Абад облустарында быйыл жазында жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган айылдарда социалдык объекттердин курулушу 5-июлда башталып, 5-ноябрда аягына чыгат.
Бул тууралуу кечээ өкмөттүн жыйынында Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдирди. Ал маалымдагандай, бүгүнкү күндө курулуш объекттери боюнча керектүү болгон бардык курулуш-сметалык документтер даяр.
Чоң-Алай районунда эки мектеп, эки оорукана, Ош облусунун Өзгөн районунда төрт мектеп жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир мектеп салынат.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чоң-Алайда сентябрь айында кыш келерин, андыктан курулуш иштерин тездетүү керек экенин айтты.
Быйыл май айында Чоң-Алай районунун бир нече айылында жер титирөөдөн 500гө жакын үй-бүлө жабыркаган, айрым социалдык объекттер жарактан чыккан. Өзгөн менен Сузакта сел жүргөн. (RK)