Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:14

Ошто адвокаттардын укугун коргоо маселеси талкууланат


Ошто бүгүн адвокаттардын укугун коргоо маселесине арналган талкуу өтөт. Аны Европа биримдигинин укук үстөмдүгү боюнча долбоору Кыргызстандын Адвокатурасы менен бирге уюштурууда.

Талкууда жактоочуларды коргоо жаатындагы мыкты тажрыйбалар, этикалык стандарттар тууралуу маселелер талкууланып, адвокаттар, мамлекеттик органдар жана жарандык коом үчүн сунуштар иштелип чыгат.

Уюштуруучулардын пикиринде, бул талкуу адвокаттардын көз каранды эместигин бекмдөөгө өбөлгө түзөт.

Ага Франция, Орусия, Украина жана Казакстандан адистер катышат.

Кыргызстанда адвокаттар бир нече жыл мурда өзүнчө уюмга бириккен. 2010-жылдын июнь окуясынан кийинки соттук териштирүүлөрдө адвокаттарга карата басым, кол салуу учурлары катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG