Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламенттин VI чакырылыштагы курамдын экинчи сессиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып билдирди. Маалыматка караганда, сентбярдан 1-июнга чейин 186 мыйзам кабыл алынып, 21и четке кагылган. Үч мыйзамды демилгечилер чакыртып алган. Мындан сырткары эл өкүлдөрү 757 токтом долбоорун кабыл алды. Парламент кабыл алган 153 мыйзамга президент кол койгон.
Кечээ парламент бул сессиядагы акыркы пленардык жыйынын өткөрдү. Конституциянын 77-беренесине ылайык, Жогорку Кеӊештин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумуш күнүнөн тарта июнь айынын акыркы жумуш күнүнө чейин жыйындар таризинде жүргүзүлөт.
Регламент боюнча депутаттар эми бир ай аймактарда шайлоочулар менен иш жүргүзөт, андан кийин бир ай эмгек өргүүсүндө болот. (KЕ/BkA)