Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Турсунбеков: Сот аркылуу Ташиев 50 миң сом төлөп берди


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев соттун чечими менен парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековго 50 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу төрага өзү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Маалымат жыйында журналисттер "Бишкектеги арак заводу Чыныбай Турсунбековго таандык" деген маалыматты эске салышты. Турсунбеков бул маалыматты четке кагып, экс-депутат Камчыбек Ташиевди сотко берген.

Төрага парламенттин 6-чакырылышы мурдагыларга салыштырмалуу тынч жана пассивдүү болгонун, өз позициясын билдирүү үчүн муштум көтөрүп чыккан депутаттар жок болгонун кошумчалады. Мындан сырткары сессияга жөнү жок келбей койгондорго айып пул салуу демилгесинен кийин депутаттардын катышуусу жакшырганын айтты.

Камчыбек Ташиев менен байланышуу мүмкүн болгон жок.(КЕ/AKu)

XS
SM
MD
LG