Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

1-июлдун аба ырайы


Кыргызстанда 1-июлда түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;

Суусамырда түнкүсүн 1…6, күндүз 20…25;

Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;

Баткенде түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында 1-июлда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG