Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Президент Трамптын иммиграциялык чечими күчүнө кирди


Президент Дональд Трамп
Президент Дональд Трамп

АКШда Жакынкы Чыгыш менен Батыш Африкадагы калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн алты өлкөгө карата иммиграциялык чектөө иштей баштады. Президент Дональд Трамптын мындай иммиграциялык буйругу 29-июнда Вашингтон убактысы боюнча кечки саат 8де күчүнө кирди.

Ага ылайык, Сирия, Судан, Сомали, Ливия, Иран жана Йемендин жарандары АКШда жакын туугандары болбосо виза алалбайт. "Жакын тууган" деген категорияга чоң ата, чоң энелер, неберелер, ага-эжелер, таякелер, жээндер, бөлөлөр кирбейт деп кабарланган.

Гавайи штаты бейшембиде федералдык сотко кайрылып, президенттик администрациянын чоң ата, чоң эне, таякелерге тыюу салууга укугу бар же жогун аныктап берүүнү өтүндү.

Мындай чектөө 90 күнгө созулат. Президенттин буйругу боюнча, бардык качкындар 120 күнгө чейин АКШга киргизилбейт.

XS
SM
MD
LG