Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Немис парламенти бир жыныстуу никени мыйзамдаштырды


Парламенттеги добуш берүү
Парламенттеги добуш берүү

Германиянын парламентинин төмөнкү палатасы 30-июнда бир жыныстуу никени мыйзамдаштырды. Мындай мыйзамды 393 депутат колдоп, 226сы каршы болду.

Немис канцлери Ангела Меркел бул маселени добушка чыгарууга каршылыгын билдирип келген. Бирок ал бейшембиде өз ветосун алып салып, депутаттарды партиянын эрежесине ылайык эмес, өз аң-сезими менен добуш берүүгө үндөдү. Ал жума күнү мыйзамга каршы добуш бергенин айтты.

"Менимче, Германиянын негизги мыйзамдарында белгиленгендей, нике аял менен эркектин ортосунда түзүлөт. Ошондуктан бүгүн мыйзамга каршы добуш бердим", - деди Меркел.

Эми бул мыйзам жылдын аягында күчүнө кирет деп күтүлүүдө. Ага ылайык, ЛГБТ өкүлдөрү мыйзамдуу никеге турууга, бала асырап алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бир жыныстуулардын жарандык никесине Европанын бир катар аймактарында: Норвегияда, Голландияда, Испания, Франция, Британия жана Ирландияда уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG