Македониянын атайын прокурору мурдагы өкмөттүн ыдырашына алып келген мыйзамсыз тыңшоо жаңжалына байланыштуу 94 адамга айып такты. Бирок прокурор Катица Янева шектүүлөрдүн ысымын атаган жок.
Жергиликтүү медиа кабарлагандай, айып тагылгандардын арасында мурдагы премьер-министр Никола Груевский жана анын мурдагы өкмөт мүчөлөрү болушу мүмкүн. 2006-жылдан 2016-жылга чейин өкмөт башчы болуп иштеген Груевский буга чейин өзүнүн дарегине айтылган сындарды четке каккан.
2015-жылы өкмөт саясатчыларды, сотторду, активисттерди жана журналисттерди мыйзамсыз тыңшады деген маалыматтар өлкөнү саясий туңгуюкка кептеген. Европа Биримдиги ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрдөн кийин бул маселени атайын прокурор иликтеп чыкмай болгон.