Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Талиптер алты полиция кызматкерин атып кетишти


Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында талип жоочулары полиция бекетине кол салып, андан алты тартип сактоо кызматкери мерт болду. Жергиликтүү полициянын өкүлү Экбал Бахер 30-июнда Шеб Кох районунда таң эрте болгон бул чабуулдун мизи кайтарылганын, аймакка кошумча күчтөр жиберилгенин билдирди. Атышуудан тогуз талип согушкери мерт болгону кабарланды.

Бул кол салуу НАТО өлкөлөрү ооган армиясына көмөк көрсөтүү маселесин талкуулап жаткан маалда болду. Бейшембиде Брюсселде жолуккан НАТОнун коргоо министрлери Ооганстандын армиясын машыктыруу үчүн аймакка кошумча күч жөнөтүү чечимине келишкен. Бирок канча аскер жөнүндө сөз болуп жатканы азырынча так айтыла элек.

XS
SM
MD
LG