Кыргызстанда он жалпы билим берүү мекемесинде "Диний маданияттын негиздери" сабагын окутуу боюнча пилоттук долбоор ишке киришти.
Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов Бишкекте өтүп жаткан диний билим боюнча семинарда билдирди. Анын айтымында, пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, быйыл дагы 56 мектепте аталган сабак окутула баштайт.
"Дин таануу жана диний билим берүүнүн ыкмалары: эл аралык тажрыйба жана Кыргызстан” деп аталган семинар бүгүн башталды. 1-июлда да улана турган иш-чарага Кыргызстан, Британия, Франция, Түркия, Индонезия, Орусия жана Казакстандан келген эксперттер, диний чөйрөнүн өкүлдөрү, аалымдар катышып жатат.
Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Ишеналы Арабаев атындагы жогорку окуу жайы Лондондогу Ага Хан университетинин мусулман цивилизациясын иликтөө институтунун колдоосу менен уюштурган. (NT)