Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

Cот Нарын Айып боюнча башкы прокурордун доосун канааттандырды


Нарын Айып Бишкектин Октябрь райондук сотунда. 29-июнь, 2017-жыл.
Нарын Айып Бишкектин Октябрь райондук сотунда. 29-июнь, 2017-жыл.

Бишкектин Октябрь райондук соту башкы прокурор Индира Жолдубаеванын Zanoza.kg сайты жана журналист Нарын Айып боюнча дагы бир доо арызын толук канааттандырды. Бул тууралуу Нарын Айып "Азаттык" радиосуна билдирди. Жараянда Нарын Айыптын эки жыл мурда Zanoza.kg сайтына жарыялаган макаласы боюнча башкы прокурор Индира Жолдубаеванын арызы каралды. Башкы прокурор макалада Атамбаевдин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирилген деген негизде сотко кайрылган.

Сот муну жүйөлүү деп таап, журналист менен сайттан 3 миллион сомдон президенттин пайдасына өндүрүү тууралуу чечим чыгарды. Нарын Айып бул чечимге макул болбой, шаардык сотко кайрыла турганын билдирди.

Бүгүн ушул эле сот башкы прокурордун Zanoza.kg сайты жана "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова боюнча арызын толук канааттандырып, алардан да 3 миллион сомдон доо өндүрүү чечимин кабыл алган. (NT)

XS
SM
MD
LG